жакта

китептерде 320 жолу, 10 китепте
  1. Кубаттоо, бирөөнү колдоо, бирөөлөр тарапта болуу.
  2. Талкууга сунуш кылынган иштин, жобонун (диссертация, проект, дипломдук иш ж.б.) атайын заседаниеде кабыл алынышына жетишүү, аларды коргоо.
  3. грам. Этиш сөздөрдү үч жак боюнча жак, сан, чак формалары менен өзгөртүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кардыгач өлүү-тирүүбү, / Ошол жактан кеп сурап, / Билбедим деп Бекбача, / Ошончолук кеп кылат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ой кардын жарайын, / Манастан калган коргонун, / Койбой такыр чагайын, / Талкалайын күмбөзүн, / Күйгүзөйүн ичтерин, / Деп ойлонуп арамкор, / Тополоң түшкөн тоз жакта, / Жердин бети көрүнбөс, / Топурак учкан боз чакта, / Камчы басып жөнөдү, / Бул бадырек тору атка. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Ат чалдырып Ажатта, / Алмамбет калды ал жакта, / Жылкыны айдап эр Сыргак, / Бурулбай кетип баратса, / Алдынан чыкты бир дөбө, / Айнектей мейкин талаада, / Алмамбет айткан дөбө, деп, / Артымды карап көрөм д… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…нин, / Сейтек көрүп алдында: / Ак жолтой тууган абакем, / Эмне үчүн бүркүтүн, / Агытып ийди экен, деп, / Агийинди абакем, / Агытпады бекер, деп, / Аңгычакты ар жактан, / Каныкей келди эпеңдеп, / Басып келди хан Бакай, / Калтырап муун тепеңдеп, / Желге ыргалып абаңдын, / Кыл сакалы сеңселет, / Теңселе басып Айчүрөк, / Бу да к… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Койлор аркы өйүзгө чыгып болгон кезде, биз шымыбызды жоон санга чейин түрүп салып, төмөн жактан сайроолоп кирдик. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →