жака

китептерде 148 жолу, 10 китепте
  1. Кийимдин адамдын моюну туура келген жерине ылайыкталып тигилген бөлүгү.
  2. Суу, көл ж.б. жээги, чети, бою.
  3. Тоо этеги, тоо алды.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Атасынан баласы, / Артып чыгат ар качан, / Урпагы жок Манастын, / Жакадан ажал албаса, / Ат үстүнөн кыйшайган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эшиктен кирип акырын, / Колунан алып жетелеп: / “Жараган экен кызга, — деп, / Жараса эрге болду” – деп, / Жакасын кармап бекемдеп, / Көлдөлөң салып төрүнө, / Ак тубардан көшөгө, / Киргизип кызды ичине, / Ачтырып эшик Көкөйүн, / Баатырды үйгө киргизди, / Конокко берчүү шекер-бал, / Бар керегин бергизди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Чокмор кетти каңкылдап, / Жер-сууну бузуп даңкылдап, / Ашыккандан Талана, / Арбайтып колун сунганы, / Каракөк тууган Кененди, / Жакасынан алганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Тоолорго толук кыш болуп, / Жакага жалтыр муз тоңуп, / Саратан жайдын тамызда, / Куруп калган чоң Оркун, / Кыңшылаган кыз болуп, / Кере кулач төш жары, / Эки чети муз болуп, / Төрдө олтурган төр… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…а, / Мен бир белги көргөнмүн, / Гүлчоро менен Сейитек, / Каныкей менен Айчүрөк - / Баарыңарды чогултуп, / Бир айтсам деп жүргөмүн, / Жашылдан күрмө жеңи жок, / Жакасынын теңи жок, / Аз жери бар, көбү жок, / Сакалың кыса бир эли, / Аң-таң болуп турганда, / Күрмөңдү силкип кийгин, деп, / Сакалын сылап көргүн, деп, / Гүлүсүм айтып… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →