жайык

китептерде 39 жолу, 9 китепте
  1. Жазы, кенен, жайылып жаткан түздүк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ага киши чаптырып, / Арпанын түзү жайыкка, / Беш күндө тайар болсун деп, / Абдан мыктап айттырып, / Алматыда ак кубак, / Токсондон жашы арткан чак, / Баатыры бар Курмушу, / Буга киши жиберди, / Таласта бар Татыбек, / Башында бар касиет, / Колуң менен жүр деди, / Саны болсун миң деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көк ала Майдан жайык төр, / Көгөрүп жаткан жерди көр, / Жалоондой болгон жаш балдар, / Адырда толгон аркарлар, / Аркары ала түрдөнүп, / Жарыша койуп жүр дешип, / Жандоодон атып төр… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жашырып өзүн өңүткө / Көкчө көз калды туу белде, / Арстан келе жаткан жак, / Азыраак коргул таш эле, / Ысыккөл жаккы тарабы, / Жаткан жайык талаа эле, / Жарылып оозу кетет деп, / Көмкөрмө темир кийгизген, / Көтөн ооз келтесин, / Көкчө көз октоп белендеп, / Арсак ташка таш койуп, / Шыйрагын кайрып ө… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Арпанын башы жайыктан, / Зуңконун зоосу туйуктан, / Музой Калча алыптыр, / Бүркүт тууган уйадан, / Ак ийин деген балапан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Анын уулу Кыдырма менден саал кырдуураак, далылуу, болук, жайык бет, кызыл тоголок бала. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →