жайра
- Өлүү, жок болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ууру колуң тыйбасаң, / Жаш жаныңда жайрайсың, / Кырчыныңда кыйрайсың, / Өз башыңдан башканы, / Түгөл акмак ойлойсуң, / Мындай болсоң, Бозуул, / Эгерде эки болбойсуң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Ошондо кетсе жолдо өлүп калат деп чыны менен бизди аядыбы же кызматыбызга кызыктыбы Шаадыкан — дагы баягыдай асылды, бузду, көлдү жамандады, жолдун жан чыдагыс коркунучун айтты, кокус бир жаза тайым болуп, ач талаада жайрап кала турганыбызды да эскертип өттү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →