жайма
- Сатуучу нерселер элге көрүнүп турсун үчүн жайылып коюлган, ар ким өз буюмун көтөрүп сатма (базарга карата).
- Идиштин кыры менен тең, жайпама, текшилене салынган.
- Жайылып, жазылып турган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Алды-аркасы качкандар, / Бирин-бири карашып, / Күйүшүп жүрүп табышты, / Катышып келип кыргыздан, / Катыгүн кордук көрдүк, деп, / Бабырап кебин салышты, / Жайма сүйлөп жажалап, / Жаагы талып калышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Дабытайга эп келсе, / Коросон испан бириксе, / Алы келбес кыргыздын, / Эр Кененим, Саламат, / Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай, / Булар барат калалбай, / Эркибизче уулайбыз, / Аз кыргызды жайма жай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эртеси этти тартпады, / Өзү баатыр бастырды, / Жайы менен бердирди, / Жалпыга бирдей жеткирди, / Жаймада ачка калганды, / Бүгүн тойдук дедирди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жайма көкүл Айдарды, / Чакырууга жиберген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Үч капка жайма таруунун жанында бир келин соку күйшөп туруптур.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →