жайкы
- Жайдын күнкү, жай мезгилиндеги, жай убагындагы, жай мезгилине таандык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тажиктердин Темиркөк, / Чойун алпка айтат кеп: / — Үчүнчү атам Табылды, / Андан бери тажиктер, / Ээлеп келип жатканбыз, / Дүйшөнбүнүн шаарыны, / Жан жыргатып жам жайкыт, / Жатчу элек эл чайкап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Отуз күнү той болду, / Таң-тамаша көп болду, / Тайталаш болуп бакылдап, / Таталашкан жок болду, / Карахандын бергени, / Эки жүз төөгө жүк болду, / Күйөө жандап келгендер, / Жайкы гүлдөй теңселер, / Алмамбет, Чубак, эр Сыргак, / Келишкен булар ченебей, / Кээ бир катын бушман жейт, / Келип калып элебей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Улуу жол менен жам жайкыт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Маңдайыңда жалгыз көз, / Жалпак мурун, жайдак ооз, / Жазы маңдай, жайык төш, / Мойну кыска, кортек бой, / Туурасы келет он кучак, / Алтымыш бөрү, кырк илбирс, / Отуз айуу, он жолборс, / Сексен кулан, беш бөкөн, / Арбайтып ача мүйүзүн, / Төрт бугуну өңөргөн, / Кебетеси, ыраңы, / Жайкы чөптөй көгөргөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Жайкы момураган коңур кеч.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →