жазга
- Кандайдыр бир нерсени булгалоо, жаңсап коюу.
- Тап берүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ачакандын мингени, / Кандай жазгап бурулса, / Бурчалтпады Каракер, / Күн чагылып жаркылдап, / Алтындан кылган чоң кемер, / Амалы ашты Бактыбай, / Жаш да болсо кеменгер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жаңы бышты жазга асый, / Кебетеси ушундай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алдейлеп эмчек эмизип, / Алпештеп сени баккамын, / Алдыңа сенин кетпедим, / Аллага кандай жазгамын?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жаза чаппай, таамай чаап, / Батакай чаппай, жазгай чаап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
— Э токтамай кетсек, күн бата барып каламыс — деди камаарабай, өз жагында кийин калып койгон бир боз койду таягы менен жазгап калып.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →