жадаганда
- Эң жок дегенде, кур дегенде, эң болбогондо, ал гана турсун.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ун аралык, / Жети күн болот дегенде, / Күн менен тең майдандан, / Кездешер жерден табалык, / Макул деди эр Асыл, / Болуп калды чалалык, / Андан мурун урушта, / Жадагандан хан Калдык, / Кеткен болчу суранып, / Бул сапарда Калдыкка, / Бербесе келмек ылайык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Оң жагына толгонуп, / Оодарылат Кененим, / Асили уйку келбеди, / Чырым алып көз жумар, / Олуйа тынчтык бербеди, / Кирген нардай буркулдап, / Ак көбүк ооздон буртулдап, / Кекиртеги куйкулдап, / Ичегиси чуйкулдап, / Жадаганда Кененим: / — Тура турчу олуйа, / Эки айактуу бендеге, / Жакшылык жок ойуңда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алмамбет кайдан айанды, / Төрдө жаткан Көкчөнүн / Төшөгүнүн айагы, / Сол тизесин тайанды, / Аш кайнамдай Алмамбет, / Алда кимди айтат деп, / Айран-азыр калганы, / Жадаганда Алмамбет, / Жайын сурай салганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жадаганда Алмамбет: / — Каңгай, каңгай, каңгай!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Жадаганда от жагуу да кыйын болду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →