жада
- Көп кайталануудан, узакка созулуудан ж.б. кандайдыр бир нерсени көргүсү келбей калуу, тануу, көңүлү кайтуу, тажоо, баш тартуу.
- Өтө зарыгуу, чыдамы түгөнүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эңкейтип мени жадатат, / Ошондой кийин кыргыздын, / Намысын ким талашат?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жандырып кайта чаппаймын, / Бирден-бирден домдоймун, / Найзакерге найзам бар, / Аз келесиң он бешиң, / Ылганып жүзүң чыгыңар, / Жалгыз башым Кененим, / Жүз миңге жалгыз тийерге, / Жадабай турган демим бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Күркүрөшкөн үнүнөн, / Көпчүлүк угуп жадашкан, / Алардын кылган ишинен, / Айырбай көзүн карашкан, / Айласы артып күч ташып, / Түн кетип, сүрүп таң аткан, / Менменсиген далай дөө, / Аларды көрүп жадашкан, / Жадагансып калбастан, / Баарлык күчүн айабай, / Жакалашып кармашкан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Баатыр дейсиң Сейитти, / Жалгыз жүрүп жадады, / Канчалык калсын кубаты, / Катындарча ушактап, / Анын кайда кеткен уйаты?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кабыландай караган, / Каары катуу жаралган, / Көргөн пенде жадаган, / Алгарасын мойундап, / Бат атарын койундап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →