жабык2

китептерде 20 жолу, 5 китепте жабык 1 →жабык 3 →
  1. Бек, ачык эмес, бекитилген.
  2. Бир нерсе менен капталган, чүмбөттөлгөн, бүркөлгөн, туюкталган.
  3. Сырткары кишилер катышпаган, тар чөйрөдө өткөрүлгөн, ачык эмес.
  4. өт. Түнт, ачык-айрым эмес, оңой менен чечилбеген, мүнөзү оор.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…актаган Жабыке, / Найзасын күүлөп булгалап, / Шалактаган Жабыке, / Сотукени оозго алып, / Сонун келди эби деп, / Татыбекти бетке алып, / Тик качырып баратыр, / Жабыкенин артында, / Йобалы Шибе келатыр, / Аты башка Бактыбай, / Атырылтып жеткени, / Йобалыны тоңкойтуп, / Көмө койуп өттү эми. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Торгойдон кабар алалы, / Баатырдын күйүп отуна, / Тоого кеткен жабыгып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Аңгычакты болбоду, / Ажыбай дайны дуу болду, / Ал–жай сурап билүүгө, / Ак ордого эл толду, / Күн жабыкка түшкөндө, / Ажыкең чочуп ойгонду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жабыгып мында жүрүпсүң, / Не жумушуң бар болсо, / Жашырбай, жигит айткының. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жакшыраак кызмат кылалбай / Жабыгып келем бул кезге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →