жабуу1

китептерде 26 жолу, 9 китепте
  1. Бир нерсени көрсөтпөө ысыктан же сууктан сактоо максатында, жаанчачындан коргоо же кооздук үчүн үстүн жаап коюуга арналган буюм, жапкыч.
  2. Боз үйдүн тутуулары, жалпы эле боз үйгө жабылуучу кийиздер.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Адам билгис сыры бар, / Мурункунун кебинде, / Жалганы бар чыны бар, / Алдында минген кер атты / Кубултуп турмай жабуу бар, / Көрпөчөнүн үстүндө, / Алты бүктөп алдында, / Салып жүргөн жайы бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Аңгычакты караса, / Жуп кара атка тарттырып, / Аруудан жабуу жаптырып, / Коңгуроолор тактырып, / Сарбаптаган кештелер, / Сарамжалын так кылып, / Каныкей келин ошондо, / Кирип келди бул топко. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жайдак болбой бардык нар, / Төө жабуу салып комдонсун, / Самсаалатып чачысын, / Четине жибек тор болсун, / Буйласы калай, жез чынжыр, / Кем-керчиси болбосун, / Үчтөн төөгө бирден тың, / Жүк артарга уул болсун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Кайсы ырысыңа жатасың!— деп мени үстүмдөгү жабууну булкуп жиберди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Мен боз үйдүн жабуусун тартканда, түндүккө чыгып барып кукулуктаймын, мастен кемпир "өлүгүңдү көрөйүн, бул кандай тоок? Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →