жаат
- Бири-бирине каршы турган эки тарап, топ.
- Мелдеште, оюнда ж.б. өз ара бириккен адамдардын тобу.
- Иштин, маселенин кандайдыр бир жагы, тарабы же жагдайы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Басып барып алп Бозой, / Оң колу менен Нуранды, / Сол колу менен Чынарды, / Аткып белден кармады, / Колу-бутун арбайтып, / Бакадан бетер тарбайтып, / Батыш менен Чыгыштын, / Эки жаат элине, / Алып барып таштады, / Катар чыгып экөөнү, / Баатыр Бозой байге алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кыргыз, казак, өзүбек, / Каракалпак, түркмөндү, / Келген экен курчашып, / Эки жааттап кириптир, / Андан бетер уу чачып, / Таластакы коргонду, / Келмек экен кур чачып, / Ааламга анык күмбөздү, / Чакмак экен кол салып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бүлүнтүп бизди чабат, деп, / Бүлдүргө койбой алат, деп, / Кара нийет Отордо, / Жок эле анда уйат, деп, / Бөлүнүп каңгай эки жаат, / Кан төгүшүп жатат, деп, / Калгандар укса кыйын, деп, / Эми кытайдын эли козголот, / Угуп кыргыз кош болот, / Атагы каңгай, моңгул журт, / Түп оту менен жок …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
Алардын бар максаты: жаат курап жайлоо талашуу, даражага жетүү, элге чыгым салып, зоболосун тийгизүү, кедейдин жыйырма коюн ашырып, жүз кылып, байдын миң коюн кемитип эки жүз кылып катт…
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →