жаал

китептерде 55 жолу, 7 китепте
  1. Каар, ачуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Каары келип камыгып, / Карчыгадай кагынып, / Жаалысы чыгып жүзүнөн, / Жалынын чыгып көзүнөн, / Жайдары тууган Бактыбай, / Кара болот Жойкума, / Кармай алды сабынан, / Сууруп алды кабынан, / Билегин чыңдап чыйратып, / Бет келген жагын талкалап, / Аралап кирди Бактыбай, / Күчү кетип талыкпай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…, / Тентек тууган Кененим, / Кайра жаачу булуттай, / Кабагы катуу чүмкөнүп, / Каз таман найза карманып, / Манастап баатыр үн салып, / Качырып кирди бет алып, / Жаалысын көргөн кишинин, / Жаны турбай ордунда, / Аралап өтө бергенде, / Жаныбарым кеңкула, / Жаадай учуп зыркырап, / Кагнаттуудай дыркырап, / Беттеп сайып бешөөнү, / К… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Айкөл Манас тобунан, / Каардын бири Кутунай, / Жаалы чыгып туралбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ганга, / Тете жаман арданды, / Салмоорун алып булгалап, / Кой башындай таш салды, / Тегереткен салмоордон, / Күркүрөгөн үн чыгат, / Чагылган чыгып жаткандай, / Жаалысы катуу сүр чыгат, / Салмоордун угуп үнүнөн, / Жүрөгү батпай көөдөнгө, / Куткарбас байкуш кубанат, / Салмоордун ташы зыркырап, / Асман-жердин арасы, / Келе жатат… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жаалы катуу чоң Кыйаз: / — Тойго келген жедигер, / Тойгуча этти жедиңер, / Чүрөк тууган баланы, / Ал сеники дедиңер, / Айткамын абал башында, / Атын койуп бериңер, / Ат койгон акы бир асый, / Алууга ылдам келиңер! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →