жаак

китептерде 52 жолу, 9 китепте
  1. Адамдардын же айбандардын тиштери орногон астыңкы жана үстүнкү бет сөөктөрү.
  2. Жалпы эле беттин оң жана сол жак бөлүгү, тарабы.
  3. Жүгөндүн жана тизгиндин ооздуктан башталган эки жак бөлүгү.
  4. Түндүктүн ууктар сайылуучу тегерек алкагы.
  5. Кээ бир кесе турган же кыпчыта турган куралдардын каптал жак бөлүктөрү, эки жагы.
  6. Колунда болот жаак капкан экен, Олжого ошол адам баткан экен (Үсөнбаев).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Туурасынан келгенин, / Чарпып тартты Майтору, / Алтымышча көп дөбөт, / Көмөлөнүп торойду, / Кара жаак булдурсун, / Кармай алды Бекбача, / Камчыны булгап ийгенде, / Канча итке тийгенде, / Оро-пара көп дөбөт, / Айрыкчасы көк дөбөт, / Тиши чыгып ырсайып, / Тумшугу… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кең деңиздей жомокту, / Кемечен кечтим, арыдым, / Кара чачым агарып, / Жетимиш ашып карыдым, / Улуу дастан “Манасты”, / Отуз жыл айттым узартып, / Жаагым качан талыдым? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кечөө Көкөтөйдүн ашында, / Көп жыйындын кашында, / Бардамды ачып башымдан, / Берметим төгүп бетимден, / Жаагымды жара чапканда, / Уйалгандан өлбөдүм, / Өлүп жерге кирбедим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Зарылып мага наалыба, / Жаагыңды талытпа, / Иттен илгер жан болуп, / Кишиден кийин кар болуп, / Антип тирүү жүргөнчө, / Өлүм жакшы чын мага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— деп чалкасынан жаткан кишини эки колдоп жаактан ары алмак-салмак салгылады. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →