дөөрү
- Орунсуз, тиешеси жок сөздөрдү сүйлөө, тантыраган сөз айтуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Деп каткырып бир далай, / Аскерин карап сурданып: / — Кимиң барсаң аның бар, / Жөөлүбөсүн Бактыбай, / Жолумда турбай жоголсун, / Дөөрүбөсүн Бактыбай, / Жөнү менен тим болсун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эси ооп далайдын, / Күрмөгө тили келе албай, / Өйдө дөңдө дөөрүшүп, / Онтоп жаткан сандан көп, / Жымылдап ысык жел уруп, / Олойгон көзгө кум толуп, / Көмүлүп кумга жаткан көп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Өзүнөн көрөт Тапан хан, / Дөөрүп сүйлөп тамтайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Ачууланып тутулуп, / Чапанын тетир кымтынып, / Жашы отузга чыкканча, / Сакалы жок мултуйуп: / — Кой кебиңди Кыргыл сен, / Оң-тескери жөөлүбөй, / Орунсуз кепти дөөрүбөй, / Ук кебимди Семетей, / Атыңды тартып, тонуңду жаап, / Торгодуң жолду ченебей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →