дөөлөт
- эск. Мамлекет, бийлик.
- Даража, мансап, урмат, сый.
- Байлык, мал-мүлк, жетиштүүлүк, молдук.
- Бакыт, таалай, жыргал.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айрыкча качат дөөлөт-бак, / Агып жүргөн кептерди, / Кулак төшөп тыңдасаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
— деп, / Алдыртан кабар алыптыр, / Бакдөөлөттүн үч уулу, / Аркасында калыптыр, / Улуусунун бели бош, / Кичүүсү чыйрак окшонот, / Ырыскан, Дөөлөт деп койгон, / Атасынын ордуна, / Элин сурап ээ болгон, / Бакдөөлттөн канча өөдө, / Бели катуу эр болгон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Атайлап киши чаптырдык, / Арналуу кептен айттырдык: / “Улук болсо Куткарбас, / Сөзгө келсин ушул чак, / Куткарбаска теңелип, / Кол салбайбыз биздин жак, / Ирегелеш эл туруп, / Кол салышсак ушинтип, / Бизден качат дөөлөт-бак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ “Ынтымак, дөөлөт - бир тууган”, / Бузулбаса ынтымак, / Дөөлөттү бузуп ким кууган?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Дөөлөт-бак деген Кызайдын жанына түшүп, көлдөн ала чыккан бир аз ууктарды жерге сайып жиберип, алачык жасап алдык.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →