дөңсөө

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Дөңүрөөк келген жер, дөбөчө, тегиз жерге караганда бийигирээк көтөрүлүп турган жапырт дөң сыяктанган жер.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…лкаланып жоголуп, / Томорулуп нечен чий, / Карарып көбү торойуп, / Жер астынан кем бир таш, / Башы чыгып соройуп, / Дөбөлөнүп топурак, / Орто жери коо болуп, / Дөңсөө жерлер түзөлүп, / Адам эмес кара жер, / Мына минтип күч келип, / Күн кеч кирип, түн келип, / Жай-жайына жатышып, / Таң агара басышып, / Бактыбай, Талап табышып… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Таанылганын жыйнашып, / Таасыбаттап сыйлашып, / Бузулушуп көңүлү, / Булатып жашын ыйлашып, / Ак топурак дөңсөөдөн, / Ар кимиси көр казып, / Арбагы ыраазы болсун, деп, / Ак чүпүрөк белги асып, / Кыргыздар кетти түшкүнгө, / Кылгырта жашын чубашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жанында кылыч жаркылдап, / Алаңкер жаа сур жебе, / Оң жагында жалтылдап, / Башында чакан бөркү бар, / Жаркыны күнгө тартылат, / Башында жабар дөңсөө таш, / Падышадан башкага, / Баркы болбой курган таш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Кургак жерден суу чыгып, / Чуңкур жерлер дөң болду, / Дөңсөө жерлер көл болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Козуларды жайып олтуруп, айылдан абдан узаган кезде, бир кырдан ашырып таштадым да, өзүм келер жолун тосуп бери жактагы бир дөңсөөгө көнөчөгүмдү коюп, олтура кеттим. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →