дөңгөч
- Отун жарганда же бир нерсе коюп чапканда алдына төшөлүүчү кыска жоон жыгач.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыргыздардын ичинде, / Эстүүсү элге күйүнүп, / Эси жогу сүйүнүп, / Өлбөчүдөй жутунуп, / Дүйнө жыйып жүгүрүп; / Биз да бир күн ушу деп, / Көбү жандан түңүлүп, / «Көтөргөн балта тийгинче, / Жарган дөңгөч эс алат» / Биз дөңгөчбүз бүгүн, деп, / Эки-экиден күдүңдөп, / Коркконунан басалбай, / Чанданы жүрөт бүжүңдөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сулаймат бели Каамурут, / Кескен дөңгөч өңдөнүп, / Дардайып кулат жатканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
керк калганда, / Найзаны жерге сайышып, / Аларды байлап мамыдай, / Мүрү менен тирешип, / Кйон колтук алышып, / Чыбыктай бели кайышып, / Оң-тескери жулкушуп, / Дөңгөчтөн бетер булкушуп, / Булкуп-жулкуп ыргытып, / Айагы менен тик түшүп, / Дегдеңдетип сүрүшүп, / Алдын карай тартышып, / Каарданып кармашып, / Калтырбай күчүн арнашы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
– Бир дөңгөч, он аркан даярдап бериңиз, күнү-түнү менен барып келем, – деди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →