дөңгөлөк

китептерде 3 жолу
  1. Ар кандай транспортту, механизмди ж.б. кыймылга келтирип, жылдырып, жүргүзүп турууга ылайыкталган, өз огунда айлануучу атайын жасалган тегерек деталь.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Бир кезде мен эшегимди байлап коюп өзүм короодо бир арабанын дөңгөлөгүнө сүйөнүп турсам чыгып келип, эшик алдындагы тепкичке тура калды да, тетигиндейден: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Биз дарбазадан алактап кирип барсак, короодо бирөө соконун дөңгөлөгүн чыгарып алып араба жасап жатыптыр. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Акыркы барганымда үч жүз ирикти короого камап, санап соконун дөңгөлөгүнөн жасаган кичине арабасын жабдып, жолго чыга тургандай камынып жатышкан экен. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →