дөбө

китептерде 128 жолу, 10 китепте
  1. Тегиздиктен бир кыйла бийигирээк келип, үйүп койгон сыяктуу көтөрүлүп турган дөң жер.
  2. Бир нерселердин үйүлө чогултулган жыйындысы, үймөктөлө жыйылган үйүндү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чоң мунардай бойу бар, / Бир чынардай колу бар, / Кайнаган эки көзү бар, / Кырчак тоодой мурду бар, / Боз талаадай бети бар, / Турушу барча бир дөбө, / Тогуз кабат кийгени, / Баары соот, күрөөкө, / Кабаттап калкан тартынган, / Буттай темир артынган, / Бул кара нээт калмакка, / Ажалдуу бенде катылган, / Терд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Ат чалдырып Ажатта, / Алмамбет калды ал жакта, / Жылкыны айдап эр Сыргак, / Бурулбай кетип баратса, / Алдынан чыкты бир дөбө, / Айнектей мейкин талаада, / Алмамбет айткан дөбө, деп, / Артымды карап көрөм деп, / Дайынсыз кепти айтчу эмес, / Даанышман Алма төрөм, деп, / Телкызыл минип … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Качарга айла таба албай, / Туруп бердим дөбөгө, / Алдыма келген жигиттер, / Кийгени темир күрөөкө / Токтолуп турду кеп сурап, / Кайсы жер болот, деп сурап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ал Кеңколдун ичинде, / Бир көпкөк дөбө келатат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бир чоң кара дөбө бар, аны тапсаң бир кичине жылан чыгат, андан ары жүрүп олтурсаң бир чоң жылан чыгат, аларга менин башымды көрсөтүп койсоң дароо кетет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →