дүңкүй
- Жондонгон, күрсүйгөн көрүнүштө болуу, дүпүйгөн бараандуу көрүнүштө болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Көкөй турган кезинде, / Күн бешимде мезгилде, / Асман тиреп өрттөнгөн, / Чаң көрүндү өзөндөн, / Көптүгү кара кумурска, / Жан көрүндү өзөндөн, / Чоңдугу тоодой дүңкүйгөн, / Дөө көрүндү өзөндөн, / Ат көтөрбөй тер болгон, / Жөө көрүндү өзөндөн, / Калкты бийлеп башкарган, / Хан көрүндү өзөндөн, / Сардар болуп журт билген, / Зал кө…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
Андан бери карасам, / Кара тоо турат калкайган, / Жондор-жондор дүңкүйүп, / Кыраандары арсайган, / Ортосу саргыч көрүнгөн, / Тоолору турат жалпайган; / Андан да бери карасам, / Катар-катар тамы бар, / Калың эмес, жок эмес, / Орто-ка…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…нда калыңар, / Эми бириң калдыңар, / Менден уккун чын кепти, / Жан кишиге көрүнбөй, / Тоорактай өскөн какырда, / Сайасына жүз киши, / Ат-тону менен баткыдай, / Дүңкүйгөн кара жыгач бар, / Мени карап ал жерден, / Кетип калбай туруңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ачык болсо коногуң, / Анда абдан болгонуң, / Мейман келсе тээ мурун, / Эчтемени элебей, / Олтурчу элең дүңкүйүп, / Бүгүн кантип калгансың, / Алек-далек жүгүрүп?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
…, деп, / Токтободу ойлору, / Ал аңгыча болбоду, / Таң агарып сүрүлүп, / Кыбыла карай бет алып, / Жылдыздын баары дүрдүгүп, / Чөптүн башы үрпөйүп, / Тоо көрүнүп дүңкүйүп, / Келин каш болуп агарып, / Таанылып көзгө жер жарып, / Жандын баары мыдырап, / Жан-жаныбар кыбырап, / Жер бетине жөргөлөп, / Жайнап чыкты быжырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →