дүр-дүйнө
- Ар кандай баалуу буюмдар, сонун дүнүйө-мүлк, асыл байлыктар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Жайылган малдан зары көп, / Алтыны көп, күмүш көп, / Дүр-дүйнөсү андан көп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ар уруудан тогуздап, / Айтпаганы калбаптыр, / Айагына келгенде, / Адамдан сулуу кыз жазган, / Оймоктуудан уз жазган, / Жазылып чери кетер деп, / Дүр-дүйнөнү көп жазган, / Жатаарга дейре бүтүрүп, / Хан Кошойго күтүнүп, / Жаш Айдарды кийгизип, / Мааникерди мингизип, / Минип барчуу атыны, / Жазып келген катыны, / Алып…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жетимиш нарга жүктөтүп, / Кызыл алтын дүр-дүйнө, / Жаптырып койдургам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →