дүрмөттө
- Мылтыкты жана башка атылуучу куралдарды октоо, дүрмөт салуу, ок салып атууга даярдап коюу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Асынганы асказан, / Атышты алып ойуна, / Мылтыгын алып дүрмөттөп, / От койуп милте түтөтүп, / Арта салып ачадан, / Тиктеп жатты өбөктөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Нечендери ок атып, / Нечендери жаа тартып, / Ошол кезде Сейити, / Телкүрөң менен чуратып, / Артынан чаңын чубалтып, / Алмабашты дүрмөттөп, / Аттанып чыкса Сейити, / Аңырайып эл тиктеп, / Кыз Кылжыке буралып, / Кырмызы көйнөк чубалып, / Айласын таппай, кыпылдап, / Эт жүрөгү булкулдап, / Ысып барат зыпылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Алмамбеттин Алмабаш, / Атмак болду дүрмөттөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →