дүрмөт

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Атуу үчүн ылайыкталып, тиешелүү өлчөмдөгү ок дары кошулуп, атууга даярдалып коюлган ок, кубур.
  2. өт. Шык берүүчү кубат, демилге көтөрүүчү сезим, күч, кайрат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кебелип койбойт кенедей, / Солк этип койбойт Кененим, / Чымын чаккан немедей, / «Аткан ок тийбей калды, деп, / Эми дүрмөт салгыча, / Келип калса Кененим, / Өпкө, боор, жүрөгүм, / Өлтүрбөй сууруп алды» деп, / Камына минип атына, / Кылчайбастан артына, / Коктукат көздөй зуулдап, / Жөнөдү качып шашыла. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Айалдабай баарыңар, / Мылтыкка дүрмөт салыңар, / Милтенин күлү болбосун, / От албай мылтык калбасын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алмабашты колго алып, / Ишине дүрмөт ок салып, / Милтеге кызыл чок салып, / Ооз отунун дарыга, / Кызыл милте чок жетти, / Алмабаштан ок кетти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…де, / Тили жок такыр сүйлөргө, / Ичи ачынды бул элге, / Алмамбеттин алма баш, / Жулуп алды ийнинен, / Алмамбеттин иштерин, / Алладан башка ким билген, / Ичинде дүрмөт-огу бар, / Милтеде кызыл чогу бар, / Милтесинен чок жетти, / Атылып мылтык ок кетти, / Шоркөлдүн ичи сок этти, / Тактасында Тапан хан, / Жүрөгү ыргып болк этти, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кыйкырышып чуу салып, / Куру дүрмөт урушту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →