дүрдүй
- Демейдегидей болбой көөп, жондонуп чыңалгандай болуу, бодураюу, бүдүрөйүү.
- өт. Ачуусу келүү, кабак-кашын бүркөп тултуюу, булкуюу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көргөндөр берсе бүтүндөп, / Кийерин кийип болгон деп, / Чачыке койгон бердирбей, / Бутун ачпай дүрдүйүп, / Түз боло албай бүкүйүп, / Муштумдай кемпир болуптур, / Чеңгелге толбой чүкүйүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Элебестин алдында жайнап турган «дүрдүйнө» — сүткө көөлөнгөн бир чөйчөк талкан!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →