дүрбөлөң
- Тополоң, дүрбөп, опур-топур болгон абал, чуулган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Анда Бакай кеп айтат, / Кеп айтканда эп айтат: / — Ушул бойдон барганда, / Дүрбөлөңгө салганда, / Айбыгышып арстандар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Дүрбөлөң түшөт элге, деп, / Түшүп Чубак жатканы, / Айдап жүрөт кошоктоп, / Кырк бала экен тапканы, / Уйкум келбей келатам, / Ушуну сизге айткалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кайрат кылды кара көк, / Дүрбөлөңдүн чокморун, / Чаптырбай кагып жиберип, / Айбалта менен төбөгө, / Салып өттү имерип, / Бир чабуулдан чыгарбай, / Акыретке жиберип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Болбой койду Гүлүстөн: / — Бир көзү жок Нүкүр дөө, / Коркуп кетер киши эмес, / Дүрбөлөңк салып атаңа, / Кабар айтар иш эмес, / Бөлүп койгон элүү миң, / Гүлүскө келди жармашып, / Жекеге бирден келе албай, / Баары келди жардашып, / Кудай бетин салбас…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →