дүрбө

китептерде 84 жолу, 9 китепте
  1. Опур-топур болуп шашуу, топураган абалда болуу, тополоң түшүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Батай, Катай – экөө тең, / Чигитейге куугандай, / Аркасынан жөнөдү, / Менден мурун бул алса, / Жаман аттуу болом, деп, / Кыйар кытай жөнөдү, / Дөрбөн, Отор туралбай, / Дүрбөп калбай жөнөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ыйлабагын, деп айтты, / Ким экенин билем, деп, / Жоодар чалың баратты, / Баары турду дүрбөшүп, / Көрө сала караанды, / Көк темир кийген кеп айтты: / — Ким болосуң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Оогандыктын эр Сыргак, / Тор салар шайын калтырбай, / Сайып кирди жүдөтүп, / Жолборс көргөн маралдай, / Качып берди дүрбөшүп, / Кылчайып артын карабай, / Караганга жарабай, / Айбаты тайып жүдөшүп, / Үйрөткөн пилин жиберди, / Көрсөтүп эрен Сыргакты, / Тебелеп аны кел, дешип, / Тумшугу… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Көрүнөө болуп нишарат, / Ордого келди дүрбөшүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Дүрбөп тышка чыксак орусча кийинген, салбыратып чач койгон он тогуз куракта бир ак куба жаш бала турат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →