дүпүлдө

китептерде 40 жолу, 6 китепте
  1. Дүкүлдөө, түрсүлдөө, дүп-дүп этүү.
  2. Күпүлдөө, катуу-катуу сүйлөө, үнүн көтөрө чыгарып катуу сүйлөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тажиктердин ичинде, / Күпүлдөгөн Көкбөрү, / Көрсөтөмүн өнөр деп, / Дүпүлдөгөн Көкбөрү, / Дөнөгө айткан кеп менен, / Бөлүнүп элден жөнөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…н такыр чогултуп, / Топтуу караан олтуруп, / Коросондун Дабытай, / Короосунда күпүлдөйт: / — Кыргыздан келген кызталак, / Тең кишидей кат жазат, / Көрсөтөм деп дүпүлдөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Аңгыча карап олтурса, / Дүпүлдөп тору ат келди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чокмордун күүсү күркүрөп, / Үн чыгып жерден дүңгүрөп, / Тапактын эли жагынан, / Айгай чыкты дүркүрөп, / Ат дабырты дүпүлдөп, / Жерге кирди сүлкүлдөп, / Чойтолоң менен Тазкара, / Эстери чыгып бүлкүлдөп, / Ыйлап турат Конушбай, / Эчкирчүдөй бүкүлдөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Тоосур менен алактап, / Күнгүрөнүп күпүлдөп, / Буда келет дүпүлдөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →