дүпүй
- Калың тартып дүгдүрөйгөн көрүнүштө болуу, бараандуу күпүйгөн көрүнүштө болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Деп ушинтип кайран эр, / Талаада жүрүп хан болуп, / Талабы тоодой бар болуп, / Камышты чапты качырып, / Чокмор менен жапырып, / Жалгыз камыш дүпүйгөн, / Томолонду жалпыйып, / Кара чаар бир жылан, / Камыштан чыкты атылып, / Жыландан коркуп чоң Татан, / Акылдан азды шашылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →