дүп
- Бир нерсе жерге катуу согулгандай дүңк эте, түрс эте чыккан туюк дабышты билдирүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жаралуу болду Дөрбөн, деп, / Манжу, моңгул, таңгытты, / Дүпдүрөңдөп сүрдүң, деп, / Түп атаңдан бер жакка, / Баш калкалап баана издеп, / Качып жүргөн экенсиң, / Тек жайыңды билдим, деп, / Көөнү калат дебестен, / Батай, Катай – экөө тең, / Катар айтты жемелеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кененим камчы чапканда, / Бул дагы маша басканы, / Очогор үнү дүп этип, / Жер козголуп сүлк этип, / Аткан огу тийбеди, / Апыр- сапыр шашыла, / Дабытай атка мингени, / Ажалдын кара найзасын, / Ортонуна илди эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Көтөн келте дүп этип, / Жүрөгү анын сак калып, / Бир өпкөнү тамандап, / Өтүп кетти ок кечип!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чокмору түштү дүп этип, / Өзү түштү дүк этип, / Кылычты кындан суургунча, / Мойнунан башын кыйганча, / Чойтолоң келди ал жетип: / — Жолборсум Сейит, кулак сал, / Чойтолоң сөзүн угуп кал, / Хандык менен Тапан хан, / Бардык элге чоң эле, / Тапан хандын элинде, / Мындай балбан жок эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Чокмор тийип дүп этип, / Эңкейе түшүп шылк этип, / Ээрдин тиштеп алайын, / Койго тийчү бөрүдөй, / Эки жагын каранып, / Уйдай мурдун жаланып, / Кара дөөгө Кутургур, / Жаман тийди жан ачып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →