дүмөк
- Коркутуу, жүрөк заада кылуу, опуза, кырсык, балаа, коркунучтуу абал.
- Талашка түшкөн нерсе.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Илгертен бери карата, / Моңгул, манжу, кытайдын, / Жүргөн жери бир экен, / Айткан кеби бир экен, / Алтымыш уруу алаш, деп, / Алар менен өмүрү, / Атышып да, чабышып, / Антишип келген кеп экен, / Уктуңбу, баатыр Тобуке, / Же укпадыңбы бул кепти, / Катуу салдың тууганга, / Каңгайга келип дүмөктү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ңдап, / Булчуң эти булчуйуп, / Так кырк күндүк чабышта, / Чалыкпас жайы көрүнөт; / Кара мүртөз кайры жок, / Карамдык жагы көрүнөт; / Көзү чуңкур, дөң маңдай, / Дүмөк далы, кыска бел, / Томолок билек, манжа учтуу, / Кармагандан кан чыкчуу, / Каруусу артык көрүнөт; / Капырай кандай адам, деп, / Бакайдын көөнү бөлүнөт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ат минбеген өзү жөө, / Ааламга дүмөк салган дөө, / Жору куйрук кызыл алп, / Андан калган Карадөө, / Атасындай эр эле, / Анын көзү дагы өтүп, / Аркасында саркынды, / Ар өнөргө машың бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Чынкожо, Толтой, Семетей, / Талашып жүрүп Чүрөктү, / Кыпкызыл кандын акканы, / Акундун кызы Чүрөк, деп, / Ар качан салат дүмөк, деп, / Ошол кеп элдин айтканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Канчоро анда күүлөнүп, / Каныкейге сүйлөнүп: / «Карыганча какжаңдап, / Калбады сенин дүмөгүң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →