дүмпүлдөк

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Эки тарапка бөлүнүп, бир тарабындагылар жамынчынын астында жатып, экинчи тарабындагылар аларды чаап, кайтаруучуга карматпоого аракеттенип качып ойной турган оюн.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кара койум дүмпүлдөк, / Ака чөлүм, чөөбөрү, / Балдар этек кармамай, / Баары ойнолсун кыргыздын, / Ойундары бүт калбай, / Ар ойундан жеңгени, / Алтын алсын кур калбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ака чөлүм, чөбөрү, / Кара куйум, дүмпүлдөк, / Жылдыр токмок, дымбыр-дым, / Теке тырмыш, көл бука, / Балдар этек кармамай, / Кыргыздардын ойуну / Баары ойнолсун, бүт калбай, / Көк бөрү тартып теңге эңиш,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Тегеректеп кыргыздар, / Дүмпүлдөккө алышты, / Башын өөдө кылдырбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…оорчу чогулуп, / Көкбөрү тартып, кунан чаап, / Аттардын баары суу болуп, / Балдардын баары уктабай, / Ака чөлүм, жашынбак, / Айтканы ыр, жаңылмач, / Кара койум дүмпүлдөк, / Катын-кызда селкинчек, / Кырк уруу кыргыз ушул эл, / Кыйла ойун салышты, / Кызыкка канып калышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кужулдашып эзилип, / Кара койум дүмпүлдөк, / Ойномок болду эригип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →