дүмп

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Дүңк этип анча ачык чыкпаган дабышты, көңдөй жерди басканда же бир нерсени ургулаганда чыккан сыяктуу күңүрт дабышты билдирүүдө колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тил сүйлөбөс дудук бул, / Кулагы укпас дүмпөр кул, / Качырганды кайсаган, / Камандын бири манабул. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Кулагы дүмпөр укпаган, / Тили кекеч ээ дебес, / Оозунан зобон чыкпаган, / Аны менен тогуз жан, / Мыкты агасы бар эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
- / Деп ошентип эр Бакай, / Минип атка шамдагай, / Көкчолок менен чуу койуп, / Жаш кезиндей дуу койуп, / Күмүшкө менен Желгени, / Көрүнбөй жетип келгени, / Укпаган дүмпөр Сыргактын, / Капталга найза жиберди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Канча бааша, канча хан, / Жер бетинде жаралган, / Дүйнөдөн өттү тамам жан, / Кара болсун, хан болсун, / Жарды болсун, бай болсун, / Ачка болсун, ток болсун, / Дүмпөр болсун, шок болсун, / Колу жок болсун чолоңдоп, / Бокор болсун кодоңдоп, / Сокур болсун олоңдоп, / Узун болсун сороңдоп, / Мулук болсун молоңдоп, / Ороо болсун… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →