дүмбүл

китептерде 1 жолу
  1. Эгиндин, мөмөнүн, ар кандай жемиштердин толук ката же бышып жетиле элек учуру.
  2. Жүгөрүнүн даны ката элек, бирок бышырып жешке жарап калган сотосу.
  3. өт. Такшала элек, көптү көрүп быша элек, али жетиле элек.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жаш баланы кетелик, / Дүмбүл окшош кемирип, / Кыйратты десе майданда, / Кыр-кырынан кетилтип, / Жаманатты кыласың, / Жараңкасыз сынасың, / Жайыл бала белемсиң, / Жалтанбай кандай чыгасың? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →