дүлөй

китептерде 4 жолу, 2 китепте
  1. Кулагы укпаган, керең.
  2. өт. Тыптынч, жымжырт, тынч мемиреген абал.
  3. Жылкынын жүрөгүндө болуучу анча чоң эмес эт сыяктуу бөлүгү (элдик ишеним боюнча мындай бөлүктүн жоктугу жылкынын болжолсуз күлүктүгүн билдирет).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Жалпы баарың жүргүн, деп, / Жарлык кылды бүт элге, / Жапырт баары жөнөдү, / Жазайыл атып, жаа тартып, / Очогор менен ок атып, / Жер куйкалап топ атып, / Алай- дүлөй тарсылдак, / Жан алуучу барсылдак, / Мунарыктап топурак, / Асман ачык, жер бүркөк, / Жерге кирди сүлкүлдөк, / Жебенин огу зыркырап, / Барабан үнү зыңкылдап, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бата берип дүркүрөп, / Баарысы туруп калды эми, / Бастырганда баатырдын, / Байанын айтам угуп ал, / Кулагыңды салбасаң, / Дүлөй болуп өзүң кал! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мындан ары барганда, / Утур чыккан адамга, / Сөз сүйлөбөс дудук бол, / Кулагың укпас дүлөй бол, / Ушундай шумдук кылбасак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →