дүкөн
- Тамак-аш, кийим-кечек жана ар түрдүү буюмдар, товарлар сатылуучу жай, имарат.
- Устакана, уста узануучу жай.
- өт. Адамдар ортосундагы аңгеме, маек.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мажик алып колуна, / Ийип көрсө ач албарс, / Жаш чырпыктай ийилди, / Бүктөп көрсө бүктөлдү, / Койо берсе түз болду, / Жасабай туруп Бөлөкбай, / Айткан кеби чын болду, / Ойрон бала сынаса, / Кылыч сынга толгону, / Андан кийин дүкөнгө, / Жолобой Манас койгону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кыз көрүнө түшкөндө, / Атынын башын бурганы, / Аңгеме дүкөн курганы, / Кыздын дайынын сурады: / — Пери кызындай кыз бала, / Эмне кылып турасың?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Чоң Кашкар жери кең эле, / Токтосартка караштуу, / Жыйырма төрт дүкөн бар эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Жолугуп бала алдыман, / Жол жайымды сурады, / Аңгеме дүкөн курады, / Айылымды абдан сурады, / Андан кала бергенде, / Кайсы жакка барарым, / Дайнымды кошуп сурады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Ошондуктан перзент көргөн жок, силер чын ыкласыңар менен бала тилей турган болсоңор, дайындуу бир адам каттай турган тогуз жолдун тоомуна бир дүкөн, бир сарай, бир чайкана куруп, ошол жолдон өткөн-кеткендердин бардыгына, ач калган, кеч калгандарга оокатты, кийимди акысыз берип, адамдарды жети жылга чейин т…
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →