дүкүлдө

китептерде 6 жолу, 5 китепте
  1. Түрсүлдөп катуу согуу, дүк-дүк этүү, дүп-дүп этүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ушуп, / Чокудан ары койушуп, / Балталары чакылдап, / Найзалары такылдап, / Чогоол сүйлөп күпүлдөп, / Көрсөтөм деп дүпүлдөп, / Эми кандай болом деп, / Жүрөктөрү дүкүлдөп, / Найзалары сүлкүлдөп, / Көчүктөрү бүлкүлдөп, / Жалгыз жанды айабай, / Кылга байлап таштады, / Кыйаматты эске албай, / Кыйын уруш баштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
нурдуу бетинен, / Кызыл кан турат тамчылап, / Ойун кылып алыптыр, / Арык уйдай камчылап, / Качырга салган токум жок, / Жайдак минип соксоңдоп, / Желгени катуу дүкүлдөп, / Мындай кордук теги жок, / Ошондо Жолой күүлөнөт, / Өз алдынча сүйлөнөт: / — Эсен ханга алып барам, / Эрендиктен жар салам, / Көрсөтүп туруп көзүнө, / Эр Төш… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Куткарбастын жүрөгү, / Алып учуп дүкүлдөп, / Көчүгү атка токтобой, / Араң барат бүлкүлдөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…па-шап, / Эрегишип көгөрүп, / Найзалары така-так, / Балталары чака-чак, / Баатырлар үнү бака-бак, / Кулак тунуп шака-шак, / Ат дабырты дүпүлдөп, / Жер козголуп дүкүлдөп, / Жер айрылып топо учуп, / Асманга чаң созулуп, / Так үч күнү алышты, / Оро казган немедей, / Жерди жыртып салышты, / Алмамбет уулу Гүлүстөн, / Салып жетип ба… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Оозумдан кара суу келип, жүрөгүм аттай дүкүлдөп, кыйындык менен дем алып күйүгүп кеттим. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →