дүйшөмбү

китептерде 26 жолу, 4 китепте
  1. Тыныгуудан, эс алуудан кийинки экинчи күн. Мусулмандардын жумалык календары боюнча тыныгуу күн жумадан кийин күн ишембиге тура келет. Аптанын күндөрү ошондон тартып катар саны боюнча эсептелет.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эти чирип ириңдеп, / Сары суу сыркып агыптыр, / Дүйшөмбүгө бармакчы, / Баралбастан жаныптыр, / Баалап кетип денеси, / Үч жыл жатып калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кененимден кеп келди, / Бул эреже ырас деп, / Тийбес болуп тажикке, / Баарысына эп келди, / Бадахшан, Балык, Дүйшөмбү, / Карап тажик кеткени, / Майданга чыгып бир киши, Жекелешип келбеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кечээ, Дүйшөмбүдө урушта, / Бирге барды кыргыздар, / Койгун десем болбоду, / Унутуп калган урушту, / Ат чабыш деп ойлоду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кыйбанын чоңу Дабытай, / Короосунда Мырзакмат, / Бирине-бири кулакташ, / Дүйшөмбүдө Козубек, / Акун хан менен жакын дейт, / Укпай калса жакшы эмес, / Ошолорго бара кет, / Оогандан чыгып ойлосоң, / Кызыл сууну бойлосоң, / Келечи менен Нишапур, / Аттап өтпө ошондон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чамбыл бел, Букар, Бадакшан, / Дүйшөмбү, Үркөнч – булардан, / Баш ийбейт эми бир адам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →