дүйнөлүк
- Бүт дүйнөгө, бүт жер жүзүнө таандык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бүгүн барсың, эртең жок, / Атаңдын көрү дүйнө шок, / Күн бешимге барганда, / Бул дүйнөдөн болдуң жок, / Менин атым Кененим, / Айтканым айткан, чын кебим, / Тогуз күндүк ичкен аш, / Бул дүйнөлүк керээзиң, / Арканча кыйын болсоң да, / Калыбектей эмессиң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Өмүр бойу жолдошум, / А дүйнөлүк колдошум,” / Деп ойлоп Манас кылт этип, / Кайра тартып жылт этип, / Кайкыга Манас киргени, / Элесин көрүп эр Алмаң, / Элейип тура калганы, / Эби толук келди деп, / Эр Манас абдан байкады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бозала туйгун болпондор, / Боз карчыга солтондор, / Бу дүйнөлүк жолдоштор, / Оо дүйнөлүк колдоштор, / Качырганы жолборстой, / Кармаганы илбирстей, / Кайсаганы карышкыр, / Бири миңге барабар, / Кара башы жалгыз бир, / Кайрандардан айрылдым!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Качырса жоону жолборсу, / О дүйнөлүк колдоочу, / Ак көңүл бенде деп угам, / Ак ниет Гүлүс шер ошо.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Оорагы артык Гүлүстөн, / Манжудан келген дин каалап, / Коңурбай менен батышпай, / Бойунда болуп чоң талап, / Соорандык уулу Алмамбет, / Айкөл Манас баатырдын, / Бул дүйнөлүк жолдошу, / Ал дүйнөлүк колдошу, / Кылым дүйнө калкына, / Арбагы артык угулган, / Алмамбеттин уулу бул.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →