дүйнө

китептерде 510 жолу, 10 китепте
  1. Бүт жер жүзү, аалам.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…болгунча, / Кыргызды колдойт” – деп салат; / Карыйалар кеп салат: / “Хан Бакай менен Каныкей, / Эр Семетей, Гүлүстөн, / Тулпар минип, туу кармап, / Өлбөй тирүү дүйнөнү, / Кезип жүрөт” – деп салат; / Абалкылар кеп салат: / “Айдай жеңең Айчүрөк, / Ак куу болуп асманда, / Учуп жүрөт” – деп салат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Бир колу бар, бири жок, / Атаңдын көрү дүйнө шок, / Бир буту бар, бири жок, / Опасы жок дүйнө бок, / Денеси калып башы жок, / Теңи калып, теңи жок, / Кулагы жок мулуйган, / Бузулуп мурду бучуйган, / Көзү чыгып олойгон, / Башы жок мойун коройгон, / Өлүп жаткан эрди көр, / Жуушаган койдой торойгон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Туубай туна чөгөйүн, / Тумшугу жок курган жан, / Бир беттешип көрөйүн, / Ажалым жетсе өлөйүн, / Өлбөй тирүү ким калат, / А дүйнөгө жөнөйүн! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Олуйа Бакай хан келди, / Каныкей энем ал келди, / Алтымыш балбан дегенди, / Жолборс бала Сейитек, / Ана-мына дегиче, / А дүйнөгө жиберди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
– Аялым дүйнөдө жок ашкан сулуу, – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →