дүбүрө
- Дабыр-дүбүр этүү, дүбүрттөгөн дабыш чыгуу.
- Дүрбөө, тополоң түшүү, топурап дурбөлөңдөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кет дегенде турбастан, / Чуу койушту дүбүрөп, / Ламасына барышты, / Кол куушуруп бүжүрөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…менен эшендер, / Басалбай жаткан кеселдер, / Колу кыска нечендер, / Пул алышып күүлдөшүп, / Күлкүсү батпай ичине, / Күңгүрөнүп күүлдөшүп, / Нары-бери чууруп, / Дүбүрөшүп жүр дешип, / Ак сакалдар жаштарга, / Ойун-күлкү табылат, / Тобо кыл деп арстанга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
деп, / Арканды алган Кесилет, / Чырмап байлап бекемдеп, / Үзөңгү боого салганда, / Чиренип тартып калганда, / Аты менен Кененим, / Сүйрөтүп алып кете албай, / Дүбүрөшүп жатканда, / Жер силкинип козголуп, / Топурак учуп тоз болду, / Кененим деген үн чыкты, / Жер жарылып суу чыкты, / “Мен Гүлүстөн, сен Кенен, / Турбай, балам, те…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ркылдаган каргадай, / Калбай баары каптады, / Дүр койуп каптап киргенде, / Кудай бетин нары кыл, / Кайсы экени билинбейт, / Жердин бети дүрүлдөйт, / Ат дабырты дүбүрөйт, / Тепсетип өттү неченин, / Аттуулары чабышып, / Жыйнай албай этегин, / Найзага найза кагышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Катындар чуркап дүбүрөп, / Кайрылып келдим атайын, / Кантип атат экен деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →