дүбүрт
- Басуудан түрсүлдөй чыккан үн, дабырттап, дүп-дүп этип чыккан дабыш, дүбүр.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…/ Эчтекени элебей, / Жаштык кылар бекен” – деп, / Ар тарап акыл ойлонуп, / Айбан да болсо ал тору ат, / Алда нече толгонуп, / Заманасы куурулуп, / Барган сайын дүбүртү, / Келе жатат угулуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Көрө салып эр Сүйүн, / Акжал менен койгулап, / Табына келген тулпары, / Тизгин кагып чойгулап, / Бактыбайга бурулуп, / Келе жаткан Ачакан, / Ат дүбүртүн укканы, / Эр Сүйүнгө сайдырбай, / Жолунан тосо чыкканы, / Аксаргылдан Сүйүндү, / Көмө койуп жыкканы, / Карап турган немедей, / Капташа түштү Чолпонбай, / Ал Сү…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…н чактарда, / Арстан Манас баатырың, / Уйкусунан ойгонуп, / Ордунан туруп толгонуп, / Эшикке чыгып айкөлүң, / Даарат алып жатканда, / Түрсүлдөткөн бир аттын, / Дүбүртү кирди кулакка, / Кылчайып артын караса, / Ажыкеңдин Карткүрөң, / Байлануу турат кадаада.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күрөңдүн угуп дүбүртүн, / Куткарбастын Чычкансур, / Бүжүрөңдөп калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Атадан калган Каралөк, / Жаткан экен сеңирде, / Ат дүбүртүн укканда, / Каралөк оонап чамынды, / Семетейди билеби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →