дүбүр
- Басканда, жүгүргөндө дабырттап, түрсүлдөп чыккан күңүрт дабыш, дүбүрт.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Коргонду карай жөнөдү, / Акжолтой баштап ал жетөө, / Аркасынан жөнөдү, / Дабыр- дүбүр келатат, / Аны чочко билбеди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Адырда барат эрендер, / Акырын булут жылгандай, / Ошондо Алмаң кеп айтат: / — Тобун бузбай бастырып, / Дүбүр-дабыр кылбаңар, / Кетпесин түлкү жаздырып, / Куу түлкүнүн сыры ал, / Үч күндүк жерден жыт алган, / Мына мындай кыйын жан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →