дыңылда

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Дың-дың этүү, зыңылдагандай үн, дабыш чыгаруу.
  2. Шалдырабай, бошоң болбой калыбына келүү, сергек болуп калуу, тыңып калуу, чыйрак, бышык болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

— Карахандын белегин, / Кишиге бербей келгениң, / Аның жакшы, балам, — деп, / Карап калып далайып, / Каргылданып муңайып, / Оң жагына толгонуп, / Ок тийгендей дыңылдап, / Сол жагына толгонуп, / — Кана, бала Абдылдам, / Болбос ишке чарпылып, / Келгенде сенин пейлиң бар, / Түшкө кирсе корккондой, / Калың малдын кеби бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Дыңылдаган чиркейдин үнү кулагынан кетпейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Чиркей токойду кыдырып, бутак, бадалдарды койбой тинтип, дыңылдап аюунун артынан түштү. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →