дыңдоок

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. сейр. Чыкый сөөгүнүн бир учу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жыгылганда Бешкулак, / Туулга баштан кыйшайды, / Айкөл Манас ошондо, / Кулактын үстү - дыңдоокко, / Айбалта менен бир салды, / Башы эки бөлүндү, / Көк чаар мээси көрүндү, / Күркүрөгөн Бешкулак, / Бул дагы тапты өлүмдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аңгычакты Сейити, / Балта менен дыңдоокко, / Басып өттү Чанакты, / Балтаны тартып алганда, / Жыгылды жерге дүп этип, / Салмагынан Чанактын, / Жер козголду сүлк этип / Минген керки маш экен, / Томураңда… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Бук болуп калган сойулгур, / Тоңкочуктап ээленсе, / Бүктөй кармап камчыны, / Чокуга тартып ийбесин, / Күүсү жанат күлүктүн, / Кулактын түбү дыңдоокко, / Камчынын учу тийбесин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →