дыңгыра

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Дыңгыр-дыңгыр этүү, дыңгыраган үн чыгаруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…үрөкө сот дапдаяр, / Кабат-кабат кийүүгө, / Кылычы кында кыңгырап, / Балтасы белде шыңгырап, / Найзасы колдо зыңгырап, / Кагуучу кызыл доолбасы, / Чымын тийбей дыңгырап, / Муруту чыккан керилип, / Сурмалуу көзү кылгырат, / Кең көкүрөк сом далы, / Балбандык сыны бар турат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…кисесин курчанып, / Басма темир чакча алып, / Кылычы кында кыңгырап, / Айбалта белде шыңгырап, / Найзасы колдо зыңгырап, / Кытайча кызыл доолбас, / Чымын тийсе дыңгырап, / Тоодой төрө Коңурдан, / Көз тайгылат зымылдап, / Манжулардын баатыры - / Нескара деген каапыры, / Эч бир жандан кеми жок, / Ал кытмырдын акылы, / Коңурга ай… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кылычы жанда кыңгырап, / Кетелек белде дыңгырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →