дырылда
- Дыр-дыр эткен дабыш чыгаруу, дыр-дыр этүү.
- Жаман-жакшы айтышуу, урушуу, кыжылдоо.
- Катуу чуркоо, жүгүрүү, дыр коюу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…инен чыккан ыдыгы, / Жайдын күнкү аптаптай, / Жалындай тийсе ысыгы, / Кирпиктери бириндеп, / Жер бетинде турган чөп, / Токтоно албай кыймылдап, / Жел соккондой дырылдап, / Мурдунан чыккан тынуусу, / Кол ыштыктай буркурап, / Сакал менен мурутта, / Ала карга, сагызган, / Учуп жүрөт куркурап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Муруту тал-тал бириндеп, / Ачуудан бойу дырылдап, / Көзү чуңкур ороодой, / Топо толуп ылайлап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…/ Маа бергениң он алтын, / Араң жүргөн адаммын, / Ашыгып кайдан табармын, / Таштап берип колуна, / Ажыкең түштү жолуна, / Арпа менен зырылдап, / Айнектей түздө дырылдап, / Үзүктүн белин ашыптыр, / Көрпөтоолоп басыптыр, / Чатыркөлдү кылаалап, / Кең Аксайды аралап, / Көбүргөндүн Корумташ, / Келинтайгак бел ашып, / Таракай менен …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Өрөөн менен жел согуп, / Сыдырым шамал салкында, / Чөп деңиздей калкылдап, / Дүкдүйө түшүп түрүлүп, / Көк жашыл болуп жалтылдап, / Үн салып булак шырылдап, / Чегирткелер чырылдап, / Жалбырактар дырылдап, / Көлдө сүзүп субайлар, / Мурундары бырылдап, / Мышыктар жатат бүкүйүп, / Кекиртеги кырылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
…Мүйүздөрү тарбайып; / Бой жасап тоолор зымырап, / Адырда малдар жыбырап, / Жан-жаныбар быжырап, / Тирүүнүн баары кыбырап; / Мен каламбы дегенсип, / Жалбырактар дырылдап, / Тескейдеги карагай, / Бойун созуп карашып, / Тал менен кайың бой жасап, / Карагайга жанашып, / Четин менен табылгы, / Кыпкызыл болуп жарашып, / Саргарган чө…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →