дыргаякта
- Катуу жүгүрүү, зымыроо, дыр коюу, күү менен катуу сыйгалануу, сүрдүккөн абалда болуу, атырылуу, дыргып жөнөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Мындай арам болорбу, саанчыга желини жаңы тие бергенде атып кетип, мени дыргаяктатып, алып жүрүп бербеспи.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Уйду жөн эле кабак ылдый күчкө салып, сүйрөп, кеткен окшойт: изи баскан малдыкындай эмес, жаанда дыргаяктап кеткен немедей эшилип калыптыр.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →