дыр2
- Чукулунан тез же жапырт болгон кыймыл-аракетти, жапырт үрккөндөй, дыргаяктап жөнөгөн кыймыл-аракетти, абалды билдирүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Майторунун артында, / Жөө тумандай чаң калды, / Баладан көргөн бул ишин, / Элдин баары таңданды, / Он беш жашта чунагың, / Опол тоодой шаңданды, / Каптап келген жедигер, / Кайрат кылып тура албай, / Аламан келген көп аскер, / Кайра качып дыр берди, / Асыл эрге байкасаң, / Бабасындай сүр берди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ылган түз, / Каары катуу заары күч, / Канкордун уулу Кененим, / Манастап ураан чакырып, / Саламатты бетке алып, / Жан айабай киргенде, / Кара жерге калтырак, / Дыр-дыр этип тийгенде, / Чыккынчыны Кененим, / Найзага илип алганы, / Көтөргөндө күү менен, / Колумда жарак калбады, / Төрт айагы тарбаңдап, / Өлгөн төөдөй дардайып, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Аккула менен дыр койуп, / Сыр найза колдо койкойуп, / Качырып кирди эр Манас, / Андай эчен дөөлөрдөн, / Кайра тартпас шер Манас; / Алтымыш кулач найзасын, / Бешкулак келет булг…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жалгыз ооз абал билдирбей, / Бура тартып аттанып, / Жүрүп кетти дыр койуп, / Жолдошу анын бир барчу, / Жүз кишидей шаттанып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Баятан араң турган эл муну көргөн соң илгери карай дыр коюп жөнөй берди эле, чек арада турган кытай черүүлөрү (аскерлери) алдынан тарсылдатып аткылап дүркүрөгөн калың элди кайра жапырып таштады.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →