дыйкан

китептерде 21 жолу, 4 китепте
  1. Негизинен эгин жана башка айыл чарба өсүмдүгүн эгүү, жерди иштетүү менен кесиптенген адам.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Катын күчү эр менен, / Кыйандын күчү сел менен, / Булуттун күчү жел менен, / Буудандын күчү жем менен, / Күлүктүн күчү тер менен, / Күрүчтүн күчү дем менен, / Дыйкандын күчү жер менен, / Тайанар жалгыз төрөбүз, / Жаман жолго жөнөлдү, / Жаның тирүү көрөмбү? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алмамбет, Чубак шерлердин, / Музбурчак, Көкчө эрлердин, / Серек, Сыргак эрендин, / Ажыкем баштап бир канча, / Акылга дыйкан тереңдин, / Кунун бүгүн бересиң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ар кай жерде түн катып, эгин сугарган дыйкандар жүрөт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бир топтон кийин дыйкан жылан менен арбашып калганын билип, бир аз эсин жыйып, мындай учурда эмне кылуу керзк экенин элден уккандары боюнча жасоого аракет кылат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Дыйкан: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →